Ноокендин Масы айылында муниципалдык нан бышыруучу цех ачылды
29 май

Ноокендин Масы айылында муниципалдык нан бышыруучу цех ачылды

Ноокен районунун Масы айылында муниципалдык нан бышыруучу цех пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Долбоор “Жалал-Абад Айыл энерго” ачык акционердик коому жана “АРИС” уюму тарабынан каржыланып, 7 млн 850 миң сом акча каражаты жумшалган.

Облус башчысы Тилек Текебаев калкты жумуш менен камсыздоо, аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн ири масштабдагы өндүрүштүк ишканаларды көбөйтүү зарылдыгын кошумчалады.