Султанбеков, Карамушкина, Түрксевер үч жылдык пробация менен абактан бошотулду
24 апрель

Султанбеков, Карамушкина, Түрксевер үч жылдык пробация менен абактан бошотулду

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, 24-апрелде үч жылдык пробация менен абактан бошотулду.

Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды.

Эске салса кетсек, 2024-жылдын ноябрында «Социал-демократтар» саясий партиясынын Бишкектеги башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.

Добуш сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.