Чоң-Алай районунда 24 КТП капиталдык оңдоодон өткөрүлөт
Энергетика министрлигине караштуу “КУЭТ” ААКнын Ош электр тармактары ишканасынын Чоң-Алай райондук электр тармактары тарабынан 2025-жыл ичинде жалпы 24 даана трансформатордук көмөк чордон (КТП) капиталдык оңдоодон өткөрүлөи.
Чоң-Алай району жаратылыш шарты оор, жаан-чачындуу, тоолуу аймак болгондуктан, утурумдук жана пландык оңдоо иштери май айында башталган. Учурда 5 КТП капиталдык оңдоодон өткөрүлүп бүтүү алдында.
Планга ылайык, 2025-жылы төмөнкү капиталдык курулуш иштери аткарылат:
• 10 кВ кубаттуулуктагы 4 км аба чубалгысы
• 0,4 кВ кубаттуулуктагы 1,6 км чубалгы
• 1 даана кошумча көмөкчү чордон
Чоң-Алай райондук электр тармактарында жалпы абоненттердин саны 4793 турмуш-тиричилик абоненти, ал эми 572 керектөөчү юридикалык тараптар болуп эсептелет. Жалпысынан 196 көмөкчү чордон бар, анын ичинен 140 даанасы Чоң-Алай РЭТтин карамагында, калган 56 көмөкчү чордон башка керектөөчүлөргө тиешелүү.
Аймактагы жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери:
• Дароот аймагы: План боюнча 10 КТП, анын ичинен 8и бүткөрүлдү;
• Кашка-Суу аймагы: План боюнча 5 КТП, анын 4ү бүткөрүлдү;
• Жекенди аймагы: План боюнча 6 КТП, анын 5и бүткөрүлдү.
Мындан тышкары, утурумдук оңдоо иштеринин алкагында, 2025-жыл үчүн бекитилген планга ылайык, 50 км узундуктагы 10 кВ аба электр чубалгылары оңдолуп-түзөлдү.
Жалпысынан, Чоң-Алай РЭТ боюнча 2025-жылдын июнь айынан тартып капиталдык курулуш иштери активдүү улантылат.
