СИМБОКС аппараттын колдонгон киберкылмыштуу схеманын колдонгон шылуун кармалды
6 май

СИМБОКС аппараттын колдонгон киберкылмыштуу схеманын колдонгон шылуун кармалды

2025-жылдын 22-февраль күнү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 1952-жылы туулган К.Е аттуу жаран, өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, 1 миллион 407 212 сом акча каражатын ээлеп алган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Борбордук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам - тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1980-жылы туулган П.Р., аттуу шектүү кармалып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.

Мындан тышкары, шектүүнун жашаган дарегин тинтүү учурунда жана вайфай роутерге кошулган “СИМБОКС” аппараты табылып алынган жана ошондой эле 4 даана уюлдук телефон, 2 даана ноутбук алынган.

Шектүү көрсөтмөсүндө, сайттардын биринен айлык акы сайын төлөнүүчү жарнамадан, шилтеме аркылуу өтүп, компаниянын директору катары өзүн таанышытырган белгисиз адам аркылуу СИМБОКС аппаратын алдырып, аны менен жарандарга байланышып кылмыштуу аракеттерди жасап жүргөнүн билдирген.

Учурда, милиция кызматкерлери тарабынан, бул кылмышка тийиштүү адамдарды аныктоо жана издөө иштери улантылууда.