УЭБК борборуна кымбат баалуу гуманитардык жүк тапшырылды
29 май

УЭБК борборуна кымбат баалуу гуманитардык жүк тапшырылды

Улуттук эне жана баланы коргоо борбору (УЭБКБ) "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунан баалуу гуманитардык жардам алды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мекемеге заманбап үч даана Fresenius 4008S Classic үлгүсүндөгү гемодиализ аппараты жана балдар үчүн керектелүүчү материалдар топтому тапшырылды.

Бул жабдуулар өнөкөт жана курч бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган балдар дарыланган гемодиализ бөлүмүнө арналган.

Мындан тышкары, фонд балдарга гемодиализ процедураларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон керектүү материалдардын толук комплектин кошумча камсыздады. Бул жардам өмүр үчүн маанилүү терапиянын үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыздап, бөлүмдөгү дарылоо шарттарын жакшыртууга өбөлгө болот.