Баткендеги Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолуна асфальт төшөлө баштады
29 май

Баткендеги Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолуна асфальт төшөлө баштады

Баткендеги Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Жолдун жалпы узундугу 24 чакырымды түзөт.

"Быйылкы жылдын эсебинен республикалык бюджеттен каржыланып, жолдун 5 чакырым аралыгына асфальт төшөлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Беш чакырым аралык Айгүл-Таш айылы менен Согмент айылын байланыштырган аралыкта.

Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолун Баткен районунун Алтын-Бешик, Суу-Башы,Кара-Бак айыл аймактарынын жалпы 15 айылынын тургундары пайдаланат.