Ысык-Көл облусундагы медициналык мекемелерге эки реанимобиль тапшырылды
18 май

Ысык-Көл облусундагы медициналык мекемелерге эки реанимобиль тапшырылды

Ысык-Көл облусундагы медициналык уюмдардын автопаркы эки заманбап реанимобиль менен толукталды, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, бул унаалар Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев тарабынан Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жана Ак-Суу Жалпы дарыгерлик практика борборуна тапшырылды.

Саламаттык сактоо министри депутатка ыраазычылык билдирип, мындай демилгелер тез жардам кызматын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.

«Реанимобилдерди тапшыруу — бул аймактагы тез жардам системасын өнүктүрүүгө кошулган чоң салым. Мындай кадамдар калкка көрсөтүлгөн медициналык жардамдын ыкчамдыгын жана жеткиликтүүлүгүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт», — деди саламаттык сактоо министри.

Жаңы унаалар Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун тургундарына ыкчам медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.