Кара-Кулжа районунда муниципиалдык МТС ачылды
29 май

Кара-Кулжа районунда муниципиалдык МТС ачылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Машина-трактордук станция жана жайыт муниципалдык (МТС) ишканасы ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. 

Учурда муниципалдык МТСтин карамагында 12 айыл чарба жана башка техникалар бар.

Атап айтканда,

  • тракторлор 2 даана,
  • дан комбайны 1 даана,
  • атайын техника 2 даана,
  • автоунаа 2 даана
  • айыл чарба техникалары 5 даана.

Муниципалдык ишкана сезондо 1000 га ашык жер аянтын иштетүү менен кызмат акысынын жеткиликтүүлүгү менен дыйкан-фермерлердин түйшүгүн жеңилдетет. 

Ошондой эле, Машина-трактордук станция жана жайыт муниципалдык ишканасы райондогу жана коңшу Жалал-Абад облусунун айыл чарба субъектерине агротехникалык механизациялык кызматтарды көрсөтүү менен өз ишкердигин жүргүзүүнү көздөөдө.

Муниципалдык ишкана өзүнүн машина-трактордук паркын толуктоо үчүн мамлекеттин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлору аркылуу айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шарттарда алууга тапшырыктарды берип, өзүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну пландоодо.