КТБлар жыл башынан бери 3,6 млн кызмат көрсөттү
24 декабрь

КТБлар жыл башынан бери 3,6 млн кызмат көрсөттү

«Кызмат» ММси 2025-жылдын калкты тейлөө борборлорунун ишинин жыйынтыгын чыгарды. Жыл ичинде КТБларга 3,6 млн кайрылуу түшүп, анын 527 миң кайрылуу онлайн форматта көрсөтүлгөн.

Санарип кызматтардын ичинен даректи каттоо жана ар кандай маалымкаттарды алуу эң көп талап кылынган. Ошол эле учурда ID-картаны онлайн алмаштыруу боюнча активдүүлүк төмөн бойдон калууда: 3 миң арыздын ичинен болгону 1 миң документ берилген. Ушуга байланыштуу кызматтарды санарип форматка өткөрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков аныкталган кемчиликтерди жоюу, онлайн-сервистердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана жарандарга консультациялык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле адистерге түшкөн жүктү көзөмөлдөөнү күчөтүп, ресурстарды оптималдуу бөлүштүрүү милдети коюлду.

Жыйындын негизинде 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттар катары онлайн-кызматтарды кеңейтүү, кезектерди кыскартуу, тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана коррупцияга каршы чараларды күчөтүү аныкталды.

Учурда Кыргыз Республикасында 52 калкты тейлөө борбору, 2 Бакыт өргөсү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында чет өлкөлүк жарандарды тейлөө боюнча 2 бөлүм иштеп жатат.