Нарын дарыясынын каралбай калган жээги жаңы эс алуу жайына айланды
10 октябрь

Нарын дарыясынын каралбай калган жээги жаңы эс алуу жайына айланды

Нарын дарыясынын жээгинде “Жээк” аллеясы деп аталган заманбап эс алуу аянтчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Аллеянын жалпы аянты 3 916 чарчы метрди, ал эми узундугу 916 метрди түзөт. Бул аянтча буга чейин таштанды чогултулган, каралбаган жер болчу.

"Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 17 млн 242 миң сом бөлүнүп, Нарын дарыясынын жээги коопсуздандырылып, тосулду.  Жарыктандырылды. Асфальт жана таш тамандар төшөлдү. Отургучтар коюлду. Элибизге, айрыкча жаштарга кечкисин эс алып сейилдегидей аянтча пайда болду", - деп кошумчалашты жергиликтүү бийликтен. 

"Жээк" аллеясынын ачылышы шаар тургундарынын катышуусунда майрамдык маанайда өткөрүлдү.