Словакиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Словакия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар Кыргызстанга расмий сапар менен келди.
КР ТИМден кабарлашкандай, сапардын алкагында ал КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.
Мындан тышкары, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын жана Словакия Республикасынын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өткөрүлөт.
