Манас районунда автобекетке караштуу 0,28 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
21 октябрь

Манас районунда автобекетке караштуу 0,28 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Манас районунда автобекетке караштуу 0,28 га жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Талас облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Манас районунун Покровка (Семетей) айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы токтомунун негизинде “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын Талас филиалына тиешелүү 0,28 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларды чететүү максатында областтык прокуратура тарабынан прокурордук акт келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен жер тилке толугу менен Талас облустук автовокзалдар, автостанциялар жана автокассалар мамлекеттик ишканасынын балансына кайтарылды.