Бишкекте 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт
21 октябрь

Бишкекте 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкекте 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт.

Белгилей кетсек, объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Жылытуу берилет:

  • биринчи кезекте — ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине;
  • экинчи кезекте  — объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.

Муниципалитеттен мэриянын отун-энергетикалык комплексинин шаардык кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр экендигин эске салышты.

Бүгүнкү күндө бардык муниципалдык ишканаларда жарандардын үйлөрүн жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылды.