Таласта эки сугат канал ишке берилди
21 октябрь

Таласта эки сугат канал ишке берилди

Талас облусунунун Бакай-Ата районундагы Үрмарал өзөнүнөн эки жакка (оң-сол тарапка) бөлүүчү Кызыл-Жар менен Жалпактил сугат каналдары реконструкциядан өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

  • Кызыл-Жар каналы 1951-жылы курулган, узундугу - 11,88км түзөт, суу өткөрүү жөндөмдүлүүгү- 2,0м3/сек.
  • Жалпактил каналы 1957-жылы курулган, узундугу – 13,7 км, суу өткөрүү жөндөмдүлүүгү-  1,5м3/сек.

Кызыл-Жар, Жалпактил каналдарынын реабилитациялоо иштери бүткөрүлүп, 15 694 га жердин сугат суу берүүсү жакшыртылды. Мындан сырткары, Акназаров, Биримдик жана Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн элинин  айыл-чарба өсүмдүгүнүн  сугат суу  менен камсыздоо маселелери чечилди.

Жалпысынан аталган сугат обьетилерди оңдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо иштери аткарылды.

Ошондой эле, 2 гидропост (суу өлчөөчү пост) жана 2 автокөпүрөө курулду.