Шыкмаматов Түлөбаевге жооп берди: Салыкчылар кандай шартта иштеп жатканын келип көрүп кетиңиз
24 апрель

Шыкмаматов Түлөбаевге жооп берди: Салыкчылар кандай шартта иштеп жатканын келип көрүп кетиңиз

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Салык кызматы үчүн жаңы имарат куруунун кереги жоктугун айтты.

«Алар ансыз деле миллиарддаган суммаларды уурдап жатышпайбы. Министрликтер үчүн жаңы имараттардын ордуна мектеп курбайлыбы», – деген депутат.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул билдирүүнү «ашыкча кетти» деп белгиледи.

«Балбак Зарлыкович салыкчылар иштеп жаткан шарттан кабары жок окшойт. Мисалы, МСКнын салык кызматынын мээси болгон борбордук аппараты чакан имаратта иштеп жатат. Калкты тейлөө борбору болсо Жибек-Жолунда жайгашкан, ал жакка жетүү ыңгайсыз», – деди.

Ошондой эле, ал Түлөбаевди МСКга келип, салыкчылар иштеп жаткан шарт менен таанышып кетүүгө чакырды.

«Мамлекеттик кызматкерлерге жакшы иштөө шарттары түзүлсө, ал ар бир кызматкердин иштиктүүлүгүнө оң таасирин берет. Жаңы имарат бир гана салыкчыларга эмес, бул кызматка ар кандай маселелер менен кайрылган жарандар үчүн да ыңгайлуу болот. Мамлекеттик түзүмдөрдүн баары бири бирине жакын жайгашуусу – бул дүйнөлүк практика.

Биздин эски имарат шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан,бул инвесторлор үчүн абдан керектүү нерсе. Мурдагы мэр ушуну түшүнбөй калганы таң калыштуу. Ал эми уурдалган миллиарддар тууралуу айтсам, ал мындай цифраларды кайдан алды же соттун чечими бар бекен? Же Балбак Зарлыкович өлкөдө коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрүп жатканына шектенеби? Азыр фейк маалыматтардын заманы болуп турат, мындай шартта ар бир саясатчы жалган маалыматты таратпай, ар бир сөзү үчүн жоопкерчиликтүү болушу маанилүү. Болбосо саясий жалган маалыматтар каптап кетет», – деди Алмамбет Шыкмаматов.