Жумгалда куткаруучулар дайынсыз болуп жаткан эки жаранды издөөдө
21 октябрь

Жумгалда куткаруучулар дайынсыз болуп жаткан эки жаранды издөөдө

Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Өрнөк айылынын эки тургуну мал кайтарууга кеткен боюнча дайынсыз болдууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

45 жаштагы К.Б., жана 9 жаштагы С.Б., аттуу эки жаран 16-октябрдан бери дайынсыз. ӨКМге маалымат 19-октябрда түшкөн. Ошол күндөн тарта издөө иштери жүрүп, бирок натыйда болгон эмес. 

Бүгүн, 21-октябрда дайынсыз бобгон жарандарды издөөө жалпы 97 адам тартылган. 

ӨКМден кошумча маалымат берилерин билдиришти.