Чүй облусунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелгендер кармалды
2026-жылдын 15-апрелинде болжол менен саат 21:42 чамасында Кемин РИИБне Кемин шаарынын Исраилова–Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинде 40–45 жаштагы европа улутундагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн.
Окуя болгон жерге, тергөө тобу барган учурда маалымат тастыкталып, жансыз денени кароо учурунда анын бетинде көк-ала тактар, чекесинде сыйрылган жаракаттар бар экени аныкталган. Каза болгон адам Кемин районунун тургуну, 1983-жылы туулган К.О. экени белгилүү болгон. Өлүмүнүн себебин аныктоо максатында жансыз дене Токмок шаарындагы соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2026-жылдын 15-апрель күнү түнкү саат 01:00 чамасында Е.Д., А.Н. жана М.Ф. аттуу жарандар пиво алганы жолдон такси токтотуп, Кемин шаарындагы «Глобус» соода борборуна келишкен. Алар ошол жерден жабырлануучу менен жолугуп калышып, ага сендвич, йогурт жана лимонад алып беришкен. Бирок ал сендвичти жеп туруп ыргытып жибергенде, алар анын бетине чапкан. Андан соң үчөө тең аны «Глобус» соода борборунун арткы тарабына сүйрөп барып, ур-токмокко алышкан. Ал эсин жоготкондо, окуя болгон жерден из жашырып качып кетишкен. Алган жаракаттардын кесепетинен 1983-жылы туулган К.О. каза болгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Д.Е., 1998-жылы туулган А.Н. жана 1997-жылы туулган Ф.М. аныкталган. Алар Кыргыз Республикасынын КЖПКсынын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
