Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
6 декабрь

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин негизги маселелерин да талкуулап, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.