Алишер Эрбаев: Айлык акы аздыгынан дарыгерлер иштен кетишүүдө
Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеш КР «Медициналык камсыздандыруу тууралуу» мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун карады. Анын демилгечилери – депутаттар Эрнис Айдаралиев менен Марлет Маматалиев.
Эрнис Айдаралиевдин айтымында, мыйзам долбоору жарандардын медициналык камсыздандыруу боюнча укуктарын бекемдөөгө жана медициналык кызматтар тууралуу маалыматтарды берүүгө багытталган. Ал жарандарга кандай медициналык кызматтар бар экенин кеңири жеткирип туруу зарылчылыгын белгиледи.
«Бүгүнкү күндө 5035 жаран камсыздандырылган. Медициналык камсыздандыруу фонду 145 саламаттыкты сактоо мекемеси менен келишим түзгөн. Мыйзам долбоору кошумча каржылоону талап кылбайт», – деди Айдаралиев.
Талкуу учурунда депутаттар медицинага байланышкан көйгөйлөрдү айтышты. Мисалы, депутат Камила Талиева Медициналык камсыздандыруу фондунун ишин сынга алды. Айтымында, бул жаатта эл аралык тажрыйбаны колдонуу керек.
«Чет өлкөлөрдө жаран медициналык жардамга кайрылса, андан биринчи кезекте медициналык камсыздандыруусу бары-жогун сурайт. Ал жок болсо, кайрылган жаран менен эч ким сүйлөшпөйт дагы. Биз да ошого барышыбыз керек», – деди Талиева.
Депутат Алишер Эрбаев Талас облусундагы төрт райондо дарыгерлерге таңкыстык күчөп жатканын билдирди. Айтымында, айлык акы аз болгондуктан ооруканалардан дарыгерлер иштен кетишүүдө.
Ал эми Элдар Абакиров аймактарда тез жардам унаасы жетишпей жатканын белгиледи.
Жыйынтыгында, аталган мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды.
