
Абдиев жана БУУнун БКБнын Программалык кеңсесинин башчысы мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты
Бишкекте ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин жана Кыргызстандагы БУУнун БКБнын Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезневдун жолугушуусу болду.
ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Нурбек Абдиев белгилегендей, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашырууда кызматташуу жана күч-аракеттерди бириктирүү жакынкы келечекте Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукту жок кылуу боюнча мамлекеттик, укук коргоо органдарынын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн ишин бириктире турган натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө мүмкүндүк берээрин белгиледи.
БУУнун БКБнын Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев өз ара мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилеп, ар кандай чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.