Базарбаев: Жасалма интеллект — бул келечек эмес, азыркы учур
10 октябрь

Базарбаев: Жасалма интеллект — бул келечек эмес, азыркы учур

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата иш чара уюштурду.

Агенттик Мамлекеттик кызмат чөйрөсүнө, маалыматтык жаңы техналогияларды анын ичинен “Жасалама интеллект” программасын жайылтуу боюнча иш алып барууда. Ошонун негизинде, Агенттикке КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан ишке ашырылып жаткан жаңы техналогиялардын кыргызча үлгүсү презентацияланды.

Иш-чарага, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Б. Базарбаев, Агенттиктин кызматкерлери, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Төрагасы М. Мураталиев жана Мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы – А.И. Супатаева, “Улут Софт” компаниясынын негиздөөчүсү – М. Окенов катышты.

Кудайберген Базарбаевдин сүйлөгөн сөзүнөн:

“Жасалма интеллект — бул келечек эмес, ал азыркы учур. Алдыңкы жылдары дүйнө жүзү боюнча жумуш орундарын 50%дан ашыгы автоматташтыруу процессине туш болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Бул жумуш азаят дегенди билдирбейт, бирок анын форматын өзгөртөт. Биздин милдет — өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жөндөмдүү кадрларды даярдоо.

Жасалма интеллект кадр саясатына кандай таасир этет? Биринчиден, бул процесстерди оптималдаштыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул технологиялар мурун көп убакыт жана адам ресурстарын талап кылган процесстерди тездетип, жакшыртат.

Ошентсе да, технологиялардын өнүгүшү менен жаңы чакырыктар да пайда болууда. Ар бир кызматкер жасалма интеллекти өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен колдонууга мүмкүнчүлүк алуусуна, окутуу жана ыңгайлашуу программаларын ишке ашырууну пландап жатабыз. Жасалма интеллект — бул коркунуч эмес, бардыгыбыз үчүн чоң мүмкүнчүлүк.”-дади ал.

Кошумчалай кетсек, иш-чара агенттиктин 20 жылдыгына, Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата уюштурулду.