ИИМ жарандарга турак жайлар үчүн зарыл болгон коопсуздук чаралары жөнүндө эскертет
27 октябрь

ИИМ жарандарга турак жайлар үчүн зарыл болгон коопсуздук чаралары жөнүндө эскертет

Ички иштер министрлиги жарандарды жеке үйлөрдү жана батирлерди мыйзамсыз кол салуулардан коргоого багытталган чараларды көрүүгө чакырат.

Мүлктүн сакталышын камсыздоо үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
1. Алдыңкы эшиктерди бекемдөө жана ишенимдүү кулпуларды орнотуу. Ар кандай конструкциядагы бир нече кулпу механизмдери орнотулган темир эшиктерди колдонуу керек. Коопсуздук чынжыры жана көзөнөк кошумча коргоону камсыз кылат;
2. Терезелерди жана балкон эшиктерин текшерүү. Биринчи жана акыркы кабаттарга өзгөчө көңүл буруу керек. Үйдөн чыкканда, кыска убакытка болсо да, терезелерди жабуу кажет;
3. Коопсуздук түзүлүштөрүн колдонуңуз. Белги берүүчү, видеобайкоо тутумдарын орнотуу, жарыктандыруу кирүү коркунучун кыйла азайтат;
4. Кошуналар менен байланышта болуңуз. Өз ара сактык- коомдук коопсуздуктун маанилүү элементи. Бири-биринин үйүн карап, бардык шектүү адамдар жана транспорт каражаттары жөнүндө милицияга кабарлаңыз.
5. Жеке коопсуздуктун жөнөкөй эрежелерин сактаңыз:

-Ачкычтарды оңой жете турган жерлерде-килемдин астында, почта ящигинде калтырбаңыз;
-Кызматтын же уюмдун кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырса дагы, бейтааныш адамдарга эшикти ачпаңыз. Кичине күмөн санасаңыз, телефон аркылуу тактаңыз;
-Социалдык тармактарга кетээриңизди же үйдө жок экениңизди жарыялабаңыз;
-Турак жай бош болуп жаткандай көрүнбөш үчүн почтаны (коммуналдык төлөмдөрдү) убагында алыңыз;
-Уктаар алдында бардык эшик-терезелердин бекем жабылганын текшериңиз. Үйдө болсоңуз да, эшикти кулпусуз калтырбаңыз.

Белгисиз бирөөлөр кирген учурдагы аракеттер:

-Эгер сиз эшикти бузуу аракетин байкасаңыз - дароо милицияга 102 номуруна чалыңыз, кошуналардын көңүлүн бурууга аракет кылыңыз;
-Эгерде турак жайдан бөтөн адам табылса-чыр-чатакка барбаңыз, чыгып кеткиңиз (мүмкүн болсо) жана милицияны чакырыңыз;
-Эгерде чыгууга бөгөт коюлса-кылмышкер менен түз байланышта болбоңуз, коопсуз бөлмөдө жашыныңыз жана кызматкерлердин келишин күтүңүз;
-Эгер кылмышкер көчөдөн байкалып калса, мүмкүн болсо анын белгилерин, жолдо кетип бара жаткан багытын эстеп, милицияга бул маалыматты билдирип коюңуз.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандардан башкалардын көйгөйлөрүнө кош көңүл болбоону өтүнөт. Сак  болуу жана милицияга өз убагында маалымат берүү кылмыштардын алдын алууга жана ар бир үйдө коопсуздукту сактоого жардам берет.