
Жаңыланган "Пробация 2.0" автоматташтырылган маалымат тутуму ишке киргизилди
Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти санариптештирүүнүн алкагында модернизацияланган "Пробация 2.0" автоматташтырылган маалымат тутумун (АМТ) ишке киргизди.
Тутумдун жаңыланган вариантын иштеп чыгуу КРнын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылды.
“Пробация 2.0” АМТ жаңыртылган версиясына атайын блоктор кошулуп, ага пробация кардарларынын тобокелдиктерин баалоо жана классификациялоо, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат базасына интеграциялоо аркылуу кардарларды биометрикалык идентификациялоо киргизилди.
Ошондой эле электрондук планшеттерди колдонуу үчүн модуль иштелип чыккан, бул пробация кызматкерлери тарабынан жеринде иш-чараларды өткөрүүнү жеңилдетет.
“Пробация 2.0” АМТ жаңыртылган версиясын киргизүү пробациянын аймактык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын камсыздоого, кагаз колдонууну азайтууга, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин ишмердүүлүгүнүн маалыматтык коопсуздугун камсыздоого багытталган.