
ИИМдин Күзөт кызматынын жумушка жаңы кирген кызматкерлери ант беришти
Бүгүн Бишкектеги Жеңиш аянтындагы өчпөс оттун алдында кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата ИИМдин Күзөт кызматынын жыйырма жаш кызматкеринин салтанаттуу түрдө ант берүү аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага аталган кызматтын башчысы Оролбек Акпаров, орун басарлары, ардагерлер, ант берүүчүлөрдүн жакындары жана өздүк курам катышты.
Гимн ырдалган соң, ардагерлер кенешинин төрагасы Мэлс Белеков куттуктоо сөздөрүн айтып, жаңы жумушка кирген жаш кызматкерлер кызматтык милдеттерди так аткарып, жарандардын укугун коргоодо кесипкөйлүктү көрсөтөөрүнө ишенич артканын айтып өттү.
Милициянын 100 жылдык мааракесине карата ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн барктоо максатында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гулзинат Суранчиева менен милициянын улук сержанты Кубаныч Сапаркулов "Милиция ыры" аттуу ырды аткарышты.
Ал эми коомдук коопсуздукту сактоодо көрсөткөн үлгүлүү кызматы жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон салымдары үчүн бир нече кызматкердин ата-энелерине ыраазычылык каттары тапшырылды.