Кыргызстан менен Катар түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты
24 апрель

Кыргызстан менен Катар түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты

Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев аталган өлкөнүн транспорт министри шейх Мухаммад бин Абдулла Аль Тани менен жолугушту.

КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 22-апрелде Доха шаарында өткөн. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар кызматташтыгынын күн тартибиндеги негизги маселелерге токтолуп, ошондой эле жакынкы аралыкта өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн транспорт министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты орнотууга багытталган укуктук-базалык макулдашуулардын долбоорлору боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашышты.