Словакиянын тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет
24 апрель

Словакиянын тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2025-жылдын 24-25-апрелинде Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар расмий сапар менен Кыргызстанга келет.

КР ТИМден кабарлашкандай, расмий сапардын алкагында эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландалууда.

Бул жолугушууларда кыргыз-словак кызматташтыгы боюнча кеңири спектрдеги эки тараптуу маселелер талкууланат.