
Кыргызстан жана Азербайжан медицина илими жаатындагы байланыштарды бекемдейт
Кыргызстан менен Азербайжандын саламаттык сактоо министрлери Алымкадыр Бейшеналиев жана Теймур Мусаев жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптардын жолугушуусу Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 4-жыйынынын алкагында 8-октябрда Азербайжандын Шуша шаарында өткөн.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо жолдорун талкуулашты.
Дипломго чейинки жана дипломдон кийинки медициналык билим берүүнү жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер адистердин квалификациясын жогорулатуу жана эки өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүү үчүн докторанттар менен аспиранттарды алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Азербайжандын медициналык мекемелеринин ортосунда практикалык жардам көрсөтүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды, бул медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана эки өлкөнүн алдыңкы тажрыйбаларын киргизүүгө мүмкүндүк берет. Фармация тармагындагы кызматташуу да жолугушуунун маанилүү темасы болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Азербайжанда саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча бардык талкууланган багыттар боюнча жигердүү иштерди улантууну макулдашышты.