Көп эркелебеңиз! Төрага Нурдан Орунтаевди өз ордун билүүгө чакырды
9 октябрь

Көп эркелебеңиз! Төрага Нурдан Орунтаевди өз ордун билүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди өзгөчөлөнбөй, ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Эскерте кетсек, жыйын башында депутаттар Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун айрым жосунсуз жоруктары жана айткан кептери тууралуу сөз кылышкан. 

Ага ылайык, төрага Нурланбек Шакиев айтылган сөз атылган ок экенин белгилеп, Нурдан Орунтаев тарабынан кечирилгис ката кетирилгенин кошумчалады. 

“Бүгүн да чакырылган жыйынга келбей, орун басарыңызды жөнөттүңүз. Кийин атайын чакыруу менен өзгөчөлөнүп келдиңиз. Сиз көп эркелебеңиз. Ар бир бийликтин тушунда сизге окшогон “эрке” балдар болгон. Бирок алардын тагдыры эмне менен бүткөнүн көргөнбүз. Биринчи ошол эрке балдар жазаланат. Алар сыяктуу сиз минтип бийликтин ишине көлөкө түшүрбөңүз”, – деди төрага.