Парламент министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине  даярдыгы жөнүндө маалыматын угулууда
9 октябрь

Парламент министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалыматын угулууда

Жогорку Кеңеште 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү абалы жөнүндө маалымат угулууда

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маселе каралууда.

Алгач жыйында баяндама жасаган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Кыргызстандын социалдык - экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнө токтолду. «Жылдын башынан бери экономикалык өсүштүн оң тенденциясы сакталып жатат. ИДПнын көлөмү 797 миллиард сом түзүп, 106,6% өсүү темпин көрсөттү», - деди.

Андан соң Энергетика министри Таалайбек Ибраев экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча, анын ичинде суу-энергетикалык кырдаал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2024-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,033 миллиард м3 түзгөн, бул 2023-жылдын 1-октябрына салыштырмалуу 1,289 миллиард м3 көп.

«Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурсун сарамжалдуу пайдалануу максатында, 3,195 миллиард кВтсаат өлчөмүндө электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлүп, 2024-жылдын 1-октябрына карата иш жүзүндө 2,561 миллиард кВтсаат импорттолгон», - деген баяндамачы электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 9993,6 миллион кВтсаатты түзгөнүн кошумчалады.

Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү абалы жөнүндө маселе каралууда. Бул багытта Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат берип, билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду.