
«Камбар-Ата-2» ГЭСи күз-кыш мезгилине 60% даяр
Алдыдагы 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдыктардын алкагында «Камбар-Ата-2» ГЭСин оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, айрым жабдууларды алмаштыруу менен жаңылоо иштерин жүргүзүүдө.
Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, учурда ГЭС күз-кыш мезгилине 60% даяр.
Ал эми аткарылган иштердин катарын төмөнкүлөр толуктайт.
1. ГА-1 гидроагрегатынын учурдагы ремонту аткарылууда. Технологиялык автоматика боюнча тейлөө иштери жүрүп жатат. Насос М2 МНУ кезектеги оңдоодон өтүп жатат.
2. Бекитилген графикке ылайык суу сактагычты топтолгон ылайлардан агызуу жолу менен тазалоо иштери аткарылууда
3. Т-1 трансформаторунун учурдагы оңдоо иштери толугу менен аткарылып бүттү.
4. ГТСН-21 өздүк керектөөлөрдүн негизги трансформаторун оңдоо , Т-51 агрегаттык керектөөлөрдүн трансформаторун оңдоо иштери аткарылууда.
5. ВТ-Г1 түзөткүч трансформаторунда изоляторлорун тазалоо жана автоматтык шкафтарын техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери аткарылды.
6.Өрт жумуштарын колдонуу менен жумушчу дөңгөлөктү оңдоо , ГА-1 дин валынын суу кармоочу тетиктерин оңдоо иштери аткарылууда.
Мындан тышкары, алдыда суу сактагычты тазалоо учурунда сууну көзөмөлдөө иштери аткарылат. Мунун жыйынтыгы менен «Камбар-Ата-2» ГЭСи куз-кыш мезгилине ноябрь айында толугу менен 100 % даяр болот.