Red Wings авиакомпаниясына Төмөнкү Новгороддон Бишкекке учууга уруксат берилген жок
Red Wings авиакомпаниясы Төмөнкү Новгород — Бишкек багыты боюнча түз аба каттамын киргизе алган жок.
Росавиациядан кабарлашкандай, ташуучуга уруксат берүүдөн баш тартылган, анткени каттам мурунтан эле башка авиакомпанияларга дайындалган: S7 Airlines жана Nordwind Airlines.
Red Wings жумасына эки ирет каттам аркарууну пландап жаткан, бирок аталган багыт бош эмес болуп чыккан.
