
13 миң сомго чейин айып салынат! Бишкекте көчөдө соода кылгандарга каршы рейд өтүүдө
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы мыйзамсыз көчө соодасына каршы рейддерди өткөрө баштады.
Эскерте кетсек, буга чейин уруксатсыз соодага каршы күрөштү райондук администрациялар жүргүзүп келген.
Эми муниципалдык инспекция учурдагы мыйзамдарга ылайык чара көрөт.
Мэриядан белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөндөргө 3 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып салынарын эске салышты.