10-октябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу жок болот
9 октябрь

10-октябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу жок болот

10-октябрда Бишкектин айрым аймактарында саат 09:00дөн 00:00гө чейин ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 

Өчүрүү төмөнкү көчөлөрү менен чектелет:
* Ала-Арча суусу- темир жол - Жибек -Жолу пр. - Ж. Гвардия бульвары;
* Ж. Гвардия бульвары - темир жол –Фрунзе көчөсү.– Манас проспектиси;
* Д. Сяопин проспектиси - Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев– Кулиев –
Москва –Фучик –Казаков көчөлөрү;

Ичүүчү суу «Запад-2» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат.