Бишкекте Asman Airlines авиакомпаниясынын кеңсеси ачылды 
9 октябрь

Бишкекте Asman Airlines авиакомпаниясынын кеңсеси ачылды 

Бишкекте Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын кеңсесинин расмий ачылышы болду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Авиакомпания өлкө ичинде да, чет өлкөдө да жеткиликтүү жана коопсуз аба каттамдарын камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Кыргызстандын негизги шаарларына каттамдарды сунуштоо менен өзүнүн маршруттук тармагын активдүү өнүктүрүүдө.

Авиакомпания жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана заманбап коопсуздук стандарттарын ишке ашырууга басым жасайт.

«Асман Эйрлайнс» паркында Dash 8 Q400 заманбап учактары колдонулат, бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет.