Өзгөн районунда 2025-жылы 796 даана КТП ремонттон өткөрүлөт
9 июнь

Өзгөн районунда 2025-жылы 796 даана КТП ремонттон өткөрүлөт

Өзгөн районунда 2025-жылы 796 даана КТП ремонттон өткөрүлөт, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Ош электр тармактар ишканасынын Өзгөн РЭТинде район боюнча 1294 КТП бар. Анын 796 даанасы РЭТтин балансында, ал эми 498 даанасы керектөөчүлөрдүн балансында турат. 2025-жылы 129 даана КТП капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлсө, 654 даана КТП техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.

Бүгүнкү күндө 5 айдын жыйынтыгы боюнча, 29 КТП капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп бүттү. Ал эми утурумдук оңдоп-түзөө боюнча учурда 247 даанасы аткарылып бүттү.

Капиталдык курулуш планынын негизинде, 2025-жылга Өзгөн РЭТинде 10 кВ чыңалуудагы 396 даана электр мамычасы орнотулуп, жаңы 1,4 км аба чубалгысы тартылып, калган бөлүгү реконструкциядан өткөрүлөт. Ал эми 0,4 кВ кубаттуулукта 60 даана электр мамычасы орнотулуп, 3,5 км аба чубалгысы курулат.

Өзгөн РЭТи боюнча жалпы 51 962 керектөөчү бар. Анын ичинен 48 037 даанасы — калк керектөөчүлөр, ал эми 3 925 даанасы — калк эмес керектөөчүлөр. 2025-жылы Өзгөн РЭТинин бардык калк керектөөчүлөрүнө (АСКУЭ) акылдуу электр эсептегичтер орнотулат.

Азыркы учурда 1-фаза эсептегичтерден 9309 даана, ал эми 3-фаза эсептегичтерден 55 даана орнотулуп бүттү.ч