Бишкекте Буденный көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
3 январь

Бишкекте Буденный көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкектеги Куликовская, Славянская жана Рыбинский көчөлөрүндө канализация куруу иштери жүрүп жатат. 

Мэриядан кабарлашкандай, буга байланыштуу, 2026-жылдын 4-январынан 5-январына чейин Буденный көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен ЧЧКга чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул мезгилде аталган жерде канализация куруу иштери жүргүзүлөт.

Траншеянын орточо туурасы 1,2 метрди түзөт.