Бишкекте Батыш РЭТи 60 чакырым эскирген зымдарды жаңы заманбап СИП-зымдарына алмаштырат
5 май

Бишкекте Батыш РЭТи 60 чакырым эскирген зымдарды жаңы заманбап СИП-зымдарына алмаштырат

2025-2026 - жылдардын күз-кыш мезгилине даярдануу иштеринин алкагында максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын Батыш РЭТи капиталдык курулуш планына ылайык 38 трансформаторду алмаштырат, кошумча 2 трансформаторду орнотот жана 10 даана ГКТП шкафын алмаштырат (шаардык типтеги трансформатордук көмөк чордондор).

Ошондой эле, энергетиктер 131 трансформатордук көмөк чордондо капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп, 24 чакырымдан ашык 6-10 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын оңдошот жана 2 838 м кабелдик чубалгыларында реконструкциялоо иштерин жүргүзөт.

Электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Батыш райондук электр тармактарынын кызматкерлери эски алюминий зымдарын жаңы СИП-2 зымдарына алмаштырууда. Быйылкы жылга пландаштырылган 60 чакырымдын ичинен адистер 16,5 чакырымга жакын эски зымдарын заманбап СИП-2 зымга алмаштырышты.

Бүгүнкү күндө кызматкерлер 38 трансформатордук көмөк чордондо капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүштү, 4 чакырымга жакын 6-10 кВ аба чубалгыларын оңдошту жана 200 метрден ашык кабелдик чубалгыларды реконструкциялашты.

Мындан тышкары, энергетиктер 794 даана трансформатордук көмөк чордондорунда жана 767,4 км аба чубалгыларында техникалык тейлөө иштерин жүргүзүшөт.

2024-жылы Батыш РЭТи 125 трансформатордук көмөк чордондо капиталдык оңдоодон жана 796 трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөргөн.

Эскерте кетсек, энергетиктер жыл сайын 1-марттан 1-ноябрга чейин келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт.