Кыргызстандын мэрлер РАНХиГСТЕ билим алууда: заманбап шаарды өнүктүрүү жана башкаруунун жаңы технологиялары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары — Агенттик) тарабынан уюштурулган атайын окуу программасынын алкагында Кыргызстандын бир катар шаарларынын мэрлери Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясында (РАНХиГС)бир жумалык билим алууда.
Бул программа “Заманбап шаарды өнүктүрүүнү башкаруунун жаңы технологиялары” деген аталыш менен бир жумалык интенсивдүү окутуу форматында өтүп, мэрлерге шаарларды башкарууда дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө, жаңы технологияларды жана стратегиялык инструменттерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.
Окуу иш-чарасы 2024-жылдын 21-октябрында Агенттик менен РАНХиГСтин ортосунда кол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында ишке ашырылууда. Программанын негизги максаты – шаарларды туруктуу өнүктүрүү, башкарууну модернизациялоо, инновациялык чечимдерди колдонуу жана эл аралык тажрыйбалар менен бөлүшүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчтөндүрүү.Окуу программасына катышып жаткан делегация курамы:
Делегацияга Агенттиктин директору, делегациянын жетекчиси – Базарбаев Кудайберген Базарбаевич башчылык кылууда. Ошондой эле курамда Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин кызматкерлери, Ж. Абдрахманов атындагы АГУПКРнын жетекчилиги, жана төмөнкү мэрлер бар:
- Абыкеев Темирболот Асаналиевич – Баткен шаарынын мэри
- Арнабек уулу Азамат – Балыкчы шаарынын мэри
- Нусувалиев Максат Орозбекович – Токмок шаарынын мэри
- Джекшенов Мирлан Ратынбекович – Кара-Балта шаарынын мэри
- Жумаев Алтынбек Токтомуратович – Майлуу-Суу шаарынын мэри
- Бектемиров Келсинбек Базаркулович – Таш-Көмүр шаарынын мэри
- Майлибашев Улан Бекболотович – Кант шаарынын мэри
- Абдыжапаров Болот Шаршеналиевич – Сүлүктү шаарынын мэри
- Бектуров Алтынбек Жунусович – Кызыл-Кыя шаарынын мэри
- Орозбаев Нуртилек Орозбаевич – Кара-Көл шаарынын мэри
Бул окуу программасынын алкагында катышуучулар төмөнкү темалар боюнча билим алышууда:
- Санариптик башкаруу жана шаардык инфратүзүмдү өнүктүрүү
- Инновациялык жана экологиялык туруктуу шаар пландаштыруу
- Коомчулук менен коммуникация жана калктын муктаждыктарына жооп берүү
- Эл аралык деңгээлдеги муниципалдык башкаруу тажрыйбалары
- Түзүмдүк реформалар жана натыйжалуу лидерлик көндүмдөрү
Программанын жүрүшүндө мэрлер атайын семинарларга, мастер-класстарга жана тажрыйбалык тренингдерге катышып, өз ара пикир алмашуу аркылуу көп өлкөлөрдүн шаарларын башкаруудагы ийгиликтүү мисалдардан болмокчу.
Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин демилгеси менен жүзөгө ашып жаткан бул долбоор — жергиликтүү жетекчилердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, калк менен натыйжалуу иш алып баруу жөндөмдөрүн бекемдөөгө, жана аймактык өнүгүүнүн сапаттуу жаңы деңгээлине чыгууга багытталган.
Мындай окуулар — мамлекеттик башкарууда заман талабына ылайык креативдүү ой жүгүртүүнү жана эффективдүү чечим кабыл алууну шарттайт. Бул алгачкы этап болгондугу менен, окуу программасы келечекте кеңейип, башка мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилер үчүн да жеткиликтүү болот деп пландалууда.
