Өзгөндө 20 жылдыкка барган аял күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн
Өзгөндө 20 жылдыкка барган аял күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн. Каргаша 26-майда болгон.
Ош шаардык милициясынын маалыматына таянсак, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Кара-Кулжа РИИБге жөнөтүлгөн.
Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Чогултулган материалдын негизинде КР Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
