Жолду капиталдык оңдоо: Бишкекте дагы эки көчөнүн айрым бөлүктөрү жабылат
16 май

Жолду капиталдык оңдоо: Бишкекте дагы эки көчөнүн айрым бөлүктөрү жабылат

Бишкек шаарында жүрүп жаткан жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу, 20-майдан тартып Лев Толстой көчөсүнүн К. Акиев көчөсүнөн Я. Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ал эми Москва көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан тартып Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

"Жолду капиталдык оңдоо маалында коомдук транспорттун кыймылы да өзгөрөт. Андыктан маршрутуңузду алдын ала пландап алууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Өзгөртүлгөн коомдук транспорттун кыймыл чиймелери тууралуу өзүнчө маалымат берилет.