Марат Иманкулов мамлекеттик катчы болуп дайындалды
Марат Иманкулов мамлекеттик катчы болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 71-беренесине ылайык Иманкулов Марат Муканович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, мамлекеттик катчысы болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысынын башка жарлыгына ылайык, Суйунбек Касмамбетов мамлекеттик катчы кызматынан бошотулду.
Эске сала кетсек, Иманкулов буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалап келген.
