Кыргызстандын судьяларына Кытайдын “акылдуу соттору” көрсөтүлдү
Бул күндөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин судьялары үчүн Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик соту тарабынан уюштурулган семинар өз ишин аяктап жатат. Иш-чаранын максаты — Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы соттук тажрыйба алмашууну тереңдетүү жана достук мамилелерди чыңдоо.
Кыргызстандын атынан келген делегацияны Жогорку соттун судьясы Аскат Сыдыков жетектеп, анын курамына Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары Алгис Шукуралиев, Чүй облусунун Административдик сотунун судьясы Дамира Орозова, ошондой эле Жогорку соттун Аппаратынын кызматкери Абасбек Жолдошбеков кирди.
Катышуучуларга Кытайдын «акылдуу соттор» системасы менен, ошондой эле ШОСко мүчө мамлекеттеринин жарандык, административдик жана кылмыш иштери боюнча сот процесстери менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди. Семинар Шанхай жана Циндао шаарларында өтүп, угуучуларга Кытайдын ар кандай инстанциядагы сотторуна барууга шарт түздү.Семинардын алкагында кыргыз делегациясы жашы жете электерге карата жазык иштери боюнча соттук териштирүүнүн көйгөйлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле азыркы учурда кыргыз соту туш болуп жаткан талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү каражаттарын колдонууга байланыштуу бир катар маселелерди көтөрдү.