Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого киргизилген мораторий жокко чыгарылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 октябрь

Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого киргизилген мораторий жокко чыгарылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров авиакомпанияларды каттоого жана аларга аба кемесинин эксплуатантынын сертификатын берүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгарды. Тиешелүү №349 жарлыкка 2026-жылдын 16-октябрында кол коюлду.

Документ менен 2024-жылдын 4-ноябрындагы жаңы авиакомпанияларды каттоого жана аларга эксплуатанттын сертификатын берүүгө тыюу салган жарлык күчүн жоготту.

Жаңы жарлыкка ылайык, мындай чечим жарандык авиациядагы учуу коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын аяктаганына байланыштуу кабыл алынды.

Жарлык расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, мораторий 2024-жылдын ноябрында киргизилип, президенттин өзүнчө чечимине чейин күчүндө болмок. Анда бийлик бул чара улуттук авиация системасын чыңдоо, анын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана тармакты эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатын көздөөрүн билдирген.

Ошондой эле Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине эл аралык каттамдарды аткарып, аба кемелерин Кыргызстанда бир айдан ашык убакыт базада кармабаган авиакомпанияларды текшерүү тапшырылган.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын июнь айында Кыргызстан Евробиримдиктин авиациялык «кара тизмесинен» чыгарылган. Андан кийин ата мекендик авиакомпаниялар 20 жылдан бери биринчи жолу Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө каттамдарды аткарууга мүмкүнчүлүк алышкан.