Кыргызстандын делегациясы Кытайдын баалуу металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү тажрыйбасын үйрөндү
Кыргыз Республикасынын делегациясы Кытайдын баалуу металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү тармагындагы тажрыйбасы менен таанышты 2026-жылдын 14–19-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын делегациясы КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаковдун жетекчилиги алдында Кытай Эл Республикасына жумушчу сапар менен барды.
Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору Алмаз Кадыракунов жана баалуу металлдарды сатуу секторунун башчысы Азамат Омарали уулу кирди.
Сапардын жүрүшүндө делегация Кытайдын Сиань, Линбао жана Пекин шаарларындагы өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле Lingbao Gold Group компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлүп, анын курамындагы ишканаларга жана өндүрүштүк объекттерге барылды. Алардын катарында зергер буюмдар дүкөнү, металлургиялык завод жана алтын казып алуу өнөр жайынын индустриалдык паркы болду.
Мындан тышкары, делегация «Тунбогу» жез өнөр жай паркына барып, өнөр жай комплексинин иштөө тажрыйбасын жана өндүрүштүк процесстерин көрүп чыкты.
Сапардын негизги максаты — Кытай Эл Республикасынын баалуу жана түстүү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү, металлургиялык өндүрүштү уюштуруу, ошондой эле өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүү. Муну менен катар аталган багыттар боюнча Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө көздөлдү.
