Ысабеков: Чет өлкөлүк окутуучуларды киреше салыгынан бошотуу – өлкө бюджетине миллиондой сомдун аз түшүшүнө алып келет
20 октябрь

Ысабеков: Чет өлкөлүк окутуучуларды киреше салыгынан бошотуу – өлкө бюджетине миллиондой сомдун аз түшүшүнө алып келет

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында бир катар депутаттар демилгелеген мыйзам долбоору каралууда. Анын максаты, демилгечилердин айтымында, өлкөгө чет өлкөлүк күчтүү окутуучуларды алып келүү жана кыргызстандык окуучулар менен студенттердин татыктуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү.

Депутат Улан Примов бул демилге салык түшүүлөрдү канча пайызга азайта турганына кызыкты.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча киреше салыгынан 465 миллион сом, ал эми камсыздандыруу төлөмдөрүнөн 570 миллион сом түшкөн. Эгерде чет өлкөлүк окутуучуларды киреше салыгынан бошотуу ишке ашса, анда бюджет жылына миллион сомдой жоготот.

“Ошондуктан биз бардык эле чет өлкөлүк окутуучуларды бошотпой, айрым, бизге өтө керектүү багыттагы, квалификациясы жогору адистерге гана жеңилдик берсекпи деп ойлоп жатабыз”, - деди Ысакбеков.

Улан Примов кыргызстандык мугалимдер ар дайым эле киреше салыгын, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп эле иштеп келатышканын эске салды.

“Бардык мугалимдер: жергиликтүү жана чет өлкөлүктөр бирдей катарда болсо туура болот деп ойлойм. Кайсы бир деңгээлдеги, бизге өтө керектүүлөргө жеңилдик берсек болот. Миллион сомдой жоготуу биздин бюджет үчүн байкалаарлык сумма”, - деди депутат.