Шайназаров президенттикке талапкерлерден 1 млн сомдук күрөө эмне үчүн алынарын түшүндүрдү
Кыргызстанда президенттикке талапкерлерден 1 млн сом өлчөмүндө күрөө алуу бюджетти толуктоо үчүн эмес, талапкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында киргизилген. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин 65 жаран билдирген.
Шайназаров белгилегендей, талапкер арыз бергенден кийин БШК анын өкүлдөрүн каттоо, документтерин, шайлоо алдындагы программасын жана каржы маселелерин кароо сыяктуу бир катар уюштуруу иштерин жүргүзөт.
Бирок айрым талапкерлер кийин шайлоого катышуудан баш тартып, комиссия мурда кабыл алган чечимдерин жокко чыгарууга аргасыз болот. Бул БШКга кошумча жүк жаратып, айрым учурларда шайлоого катышуу ниети коомчулуктун көңүлүн акысыз буруунун куралына айланышы мүмкүн.
«Мамлекет бул 1 млн сомдон байып кетпейт. Бул — жоопкерчилик маселеси», — деди Шайназаров.
