Борбор Азия үчүн бирдиктүү сейсмикалык ченемдер иштелип чыгууда
14–16-октябрь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында Борбор Азия мамлекеттери үчүн бирдиктүү сейсмикалык ченемдерди иштеп чыгуу долбоорунун алкагында жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов баштаган кыргызстандык өкүлдөр катышты.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тарап улуттук курулуш ченемдерин иштеп чыгуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, Борбор Азия мамлекеттеринин сейсмикалык коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты чыңдоонун жана курулуш стандарттарын шайкеш келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Катышуучулар сейсмикалык жүктөмдөрдү эсептөөнүн илимий негизделген критерийлерин иштеп чыгуу жана калк жашаган аймактарда, ошондой эле стратегиялык объекттерде коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, 16-октябрда КМШга мүчө мамлекеттердин сейсмикалык туруктуу курулуш жаатындагы Базалык уюмунун көчмө жыйыны өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — жер титирөөлөрдүн кесепеттеринен калкты жана инфраструктураны коргоого багытталган бирдиктүү илимий-техникалык жана ченемдик ыкмаларды иштеп чыгуу.
