Кыргызстанда миграциялык мыйзам бузуулар боюнча 13,4 млн сомдук айып пул салынды
КР УКМК
20 октябрь

Кыргызстанда миграциялык мыйзам бузуулар боюнча 13,4 млн сомдук айып пул салынды

КР УКМК КР ИИМ менен биргеликте 2026-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоого жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнүн алдын алууга багытталган «Нелегал» аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөрдү.

Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренеси боюнча жалпы суммасы 2 млн 927 миң сомду түзгөн 75 административдик протокол, ошондой эле 431-беренеси боюнча жалпы суммасы 10 млн 480 миң сомду түзгөн 1 412 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактар арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.