Президенттик шайлоону эмне үчүн шаршемби күнү өткөрүү туура көрүлдү? БШК жооп берди
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь

Президенттик шайлоону эмне үчүн шаршемби күнү өткөрүү туура көрүлдү? БШК жооп берди

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында, шаршемби күнү өтөт. Бул күн дем алыш күнү деп жарыяланат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, добуш берүүнү аптанын ортосунда өткөрүү чечими эл аралык тажрыйбага жана шайлоочулардын жүрүм-турумуна жүргүзүлгөн талдоого таянып кабыл алынган.

Шайназаров мурда шайлоо жекшемби күндөрү өткөрүлүп келгенин белгиледи. Бирок көптөгөн жарандар дем алыш күндөрүнө карата алдын ала пландарын түзүп, шаардан чыгып кетишкен же жеке иштери менен алек болушкан.

Добуш берүүгө катышкан жарандарга бир күндүк эмгек акысы төлөнөт. БШК төрагасынын маалыматына караганда, төлөмдүн өлчөмү күнүмдүк кирешеге жараша болжол менен 2 миңден 4 миң сомго чейин болушу мүмкүн.

Ошондой эле БШК добуш берүүгө катышкан жарандардын тизмесине ээ болот.