Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 324 млрд сомго жетти
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 324 млрд сомго жетти

2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын жалпы көлөмү 324 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы III кварталдын жыйынтыгы боюнча маалымдады.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 29 млрд 583,1 млн сомго же 11,2%га өскөн.

Жалпы сумманын ичинен 30 млрд 874,6 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында сакталган. Ал эми 293 млрд 125,6 млн сом банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө болгон.

Ошентип, жүгүртүүдөгү накталай акчанын 90%дан ашыгы коммерциялык банктардын кассаларынан тышкары болгон.